БИС компаниясы – Кыргызстандагы «Коопсуз шаар» долбоорунун Экинчи этабы боюнча 5,7 млрд. сомго бааланган тендерге катышып жаткан үч ишкананын бири. Сынактын жыйынтыгы 23-августта белгилүү болот. Бул компаниянын артында мурунку премьер- министр, качкын Данияр Үсөнов турат деген маалыматтар чыгып, ал катуу талкууга алынып жаткан учурда Орусиядагы БИС компаниясынын өкүлдөрү ал жалган маалымат экенин Үсөнов менен эч кандай байланышы жок экенин айтып, кыргыз коомчулугун бир аз жооткоткон болду. Бирок бул маалымат бекеринен чыккан жок. Бир илешмеси болушу да мүмкүн. Андыктан, бул маселени тыкыр көзөмөлгө алуу зарыл. Утуп чыккан компания Кыргызстандын 17 шаарында жана 73 калктуу конушунда видео байкоочу жабдуу орнотуп, жол эрежесинин бузулушун каттайт.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ