Menu

Мадумаров, Мырзакматов,Ташиев, Жапаров, Түлеев жана Бабановдун биригүүсү парламенттен 65 мандатты камсыздайбы?..

Бөлүшүү:

Ооба, Жогорку Кеңештин шайлоосуна бийлик башындагылар өздөрүнө тиешелүү бир-эки партияны алып чыгышат. Бирөө менен Асылбек Жээнбеков барса, экинчиси менен саясый тандоодон өткөн ишенимдүү талапкерлер аттанышат. Ошентип, эки партия менен парламентке келишет. Бийлик адаттагыдай жол менен кетеби? Же башка саясый күчтөр да каршылашууга чыгышабы?..

Албетте, эртеңки парламенттик шайлоого саресеп салуу чоң маселе. Анткени, биздин саясатчылардын баштары биригиши олуттуу көйгөй жаратат. Себеби, баары эле «сенден мен кыйынмын, мен гениймин» деп ыргышташары турган иш. Ошентип, баштары биригишпейт. Бири-бирин жактырышпайт да.

Эгер төмөнкү саясатчылар ымалага келишип, ынтымакта бир партия менен шайлоого барышса, парламенттик көпчүлүктү жеңип алышып, 65 депутаттык орун алышмак. Парламентке келгенден кийин дагы да ынтымакта болушуп, бир талапкерди
премьер-министрлик кызматка көрсөтүшсө, ошондо накта жеңиш ушуларда болуп, анык парламенттик башкаруу орнойт беле? Бирок, ушулардын баштары кошулаары күмөн. Себеби, ар кимиси өзүнчө кыйын: Адахан Мадумаров, Мелис Мырзакматов, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Нариман Түлеев, Өмүрбек Бабанов. Ким билет? Кокус булар биригишсе, түндүгүнө да, түштүгүнө да чоң акча коротушпай эле парламенттик шайлоону жеңип алышмак.

Баргы Кусейинов

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: