Menu

Премьер-министр Сапар Исаков Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абаскановду кызматтан бошотуу туурасында сунуштаманы жиберди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абаскановду кызматтан бошотуу жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсү катары отставкасы туурасында сунуштоосун жиберди.

Эске салсак, буга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр Нурханбек Момуналиевдин буйругу менен Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абаскановго карата кызматтык иликтөө жүргүзүү боюнча комиссия түзүлгөн.

Премьер-министр Сапар Исаковго көрсөтүлгөн комиссия ишинин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абаскановду ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу чечим кабыл алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: