Бүгүн, 11-январда КР Жогорку Кеңешинин 8 депутаты КР Жазаларды аткаруу кызматына N47-абактагы Өмүрбек Текебаевди кан басымы көтөрүлүп жаткандыктан жарандык ооруканага которууну суранып кат жазышты. Бул тууралу “Азаттыкка” депутат Исхак Масалиев билдирди.
Ал эми КР Жазаларды аткаруу кызматы азырынча андай кат келип түшө элек, келсе каралат, бирок экс-депутат Өмүрбек Текебаев камалып жаткан N47-абактын өзүндө бейтапкана бар жана ал ошол жерден да дарыланууга шарты бар деп жооп берди.
Мындан эки күн мурун N47-абактагы Өмүрбек Текебаевге кирип чыккан экс-депутат Феликс Кулов “Текебаевдин ден соолугу жакшы, бирок “каралардын” чагымынан чочулап, камерадан сыртка, таза абага сейилдөөгө чыгалбайт экен. Анткени Текебаев депутат кезинде уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мыйзамдарды иштеп чыгып, билдирүүлөрдү жана чакырыктарды жасап жүргөндүктөн КР Жазаларды аткаруу кызматы ар кандай чагымдардан алыс болуш үчүн ушундай режимди сунуш кылып, Текебаев ага макул болуп, туура кылышыптыр” деген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ