Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Республика боюнча 10-ноябрга карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 203 кылмыш, 119 жоруктар каттоого алынган.
Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ички иштер органдары тарабынан кылмыштарды аныктоо, бетин ачуу жана бөгөт коюу боюнча иштер уланууда.
Республика аймагында укук бузууларды алдын алуу жана кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча иш- чаралар жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ