Menu

Казакстанда эки айга камалган вице-министр коррупцияга шектелүүдө

Бөлүшүү:

Эки айга камакка алынган Казакстандын билим берүү жана илим министринин орун басары Элмира Суханбердиева пара алуу, мыйзамсыз түрдө ишкердик менен алектенүү жана кызмат абалынан кыянат пайдаланууга айыпталууда.

Бул тууралуу коррупцияга каршы кызматтын маалымат катчысы Жанна Бастарова билдирди.

6-июнда Казакстандын Тергөө соту билим берүү жана илим министринин орун басары Элмира Суханбердиеваны эки айга, 2-августка чейин камоо чечимин чыгарган.

Өткөн айда коррупцияга каршы кызмат улуттук тест тапшыруу борборунун башчысы Рамзан Алимкуловго карата териштирүү иштери башталганын кабарлаган.

Бастарова бул эки иштин бири-бирине тиешеси бар-жогун ачыктаган жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 51 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: