Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасынын уулу, “КТ Мобайл” ЖЧКсынын директорунун мурдагы орун басары Иманкадыр уулу Эрназар ишин баштай элек ишканадан 1 миллионго чукул айлык алган чуу азыр дагы коомдун кызуу талкуусунда турат. КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбеков коомчулуктагы “Бажагейт” талкуусун токтотуу үчүн эмне кылыш керектигин айтты. Ал: “Менден бекер кеңеш. “Бажагейт”, “Бажыгейтти” токтотуу үчүн андан дагы күчтүүрөөк жаңылык керек. Мисалы, ырчы Анжеликаны Марат мерен ажырашып, кайра Урматка турмушка чыгууну көндүрүш керек. Ошондо коомчулук “гейттерди” унутуп калат” -деп тамаша-чыны кылып акыл айтты. Сыягы, Илим өз тажрыйбасынан бөлүштү көрүнөт. КТРКны жетектеп жүргөндө өзү тууралуу сындар айтылганда Анжеликаны «чуу» салдыра коюп, элди алаксыткан ыкманы колдонуп жүргөн окшойт…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ