Орусия Башкы прокуратурасы мурдагы банкир жана «Алмател Казакстан» телекоммуникациялык компаниясынын башчысы Жоомарт Ертаевди Казакстанга өткөрүп берүүдөн баш тартты.
Май айында RBK банкынын директорлор кеңешинин төрагасынын кеңешчиси болуп турганда каражат уурдоо иштерине катышкан деп айыпталып жаткан Ертаевди Казакстанга кайтаруу аракети башталганы белгилүү болгон.
Банкирдин адвокаты Андрей Петровдун айтымында, Орусия бийлиги Ертаевге качкын макамын берген.
Казакстан Башкы прокуратурасы Жоомарт Ертаевге “Алдамчылык” беренеси боюнча сыртынан кылмыш ишин козгогон.
Акыркы бир нече жылдан бери Орусияда жашап жаткан Жоомарт Ертаев май айында Москвада кармалган. Пресненский райондук соту аны 40 суткага үй камагына алуу боюнча чечим чыгарган. Өткөн аптада жергиликтүү казак басылмалары Жоомарт Ертаев бошотулганын маалымдашкан.
Ертаев буга чейин мекенинде банк мыйзамдарын бузууга айыпталып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган. 2009-жылы өлкөнүн каржы полициясы Альянс банктын акционерлери менен менеджерлерин мыйзам бузууларга айыптап, Жоомарт Ертаев камакка алынган. Бирок көп өтпөй сот аны айып пул төлөөгө милдеттендирип, эркиндикке чыгарган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ