Кеминде мурунку аялына барып, сабап, зордуктап кеткени боюнча 28 жаштагы Т.Т. шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ШИИБси билдирди.
Милицияга арыз менен 27 жаштагы келин кайрылып, аны мурдагы күйөөсү сабап, зордуктап кеткени боюнча арыз жазган. Бүгүн шектелген эргулду милиция бөлүмүнө алып келишти. Ал көрсөтмө берип жатат. Ички изилдөө кызматы шектелгендин жакын досу Кемин районунун ИИБсинин башчысы экени аныкталды. Досу оор кылмыш менен шектелип жатканга тийбегиле деп кол астындагыларга буйрук берген.
Тергөө амалдары жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ