Menu

Шайлоо мыйзамдарына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр талкууланды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутаттардын бири Алтынбек Сулайманов конституциялык мыйзам долбоорунун максаты пропорционалдуу шайлоо тутумунун бир түрүнөн экинчисине, тактап айтканда партиялык жабык тизмеден партиялык ачык тизмеге өтүү болуп саналаарын белгилеп: “Мыйзам долбоору аркылуу шайлоочуга саясий партияны дагы, талапкерлердин тизмесиндеги конкреттүү адамды дагы тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү, ошондой эле талапкерлердин да жекече жана кандайдыр бир өз алдынча болуусу үчүн шарттарды түзүү сунушталып жатат”, – деди.

Талкуу маалында депутат Сайдулла Нышанов сунушталып жаткан мыйзамга карата Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын пикирин сурады.

Өз кезегинде комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова сунушталып жаткан тажрыйба прогрессивдүү экенин белгилеп: “Бизде акыркы заманбап технологиялар пайдаланылат. Андыктан, айтылган сунуштарды ишке ашырууга мүмкүнчүлүгүбүз бар”, – деп жооп берди.

Ал эми депутат Эмил Токтошев “Мыйзам жакында өтчү парламенттик шайлоодо колдонулабы?” – деген суроо берди.

Демилгечи депутаттардын бири Алтынбек Сулайманов кабыл алынып калса колдонуларын билдирип: “Мыйзам 1-катардагы талапкер менен 90-катардагы талапкерди теңдештирип, акча менен алдыңкы катарга туруу адатын жокко чыгарат”, – деп кошумчалады.

Андан тышкары депутат Кенжебек Бокоев мыйзам долбооруна ылайык Кыргызстанды бирдиктүү округ катары таануу жаңы чыгып келе жаткан талапкерлер үчүн кыйындык туудурбайбы деген суроо салды. Демилгечи: “Ооба коркунуч бар. Бирок ошол эле учурда мүмкүнчүлүк да бар. Тизменин артына туруп, өтпөй калгандан көрө, өзүн көрсөтүп каалаган катарында добуш ала алышат”, – деди.

Талкуу учурунда талапкерлердин тизмесине, шайлоонун жыйынтыгын чыгарууга, округдарды бөлүүгө байланышкан бир катар сунуш-пикирлер айтылып, жыйынтыгында мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: