Menu

Жогорку Кеңеште президенттин өкүлү депутаттар менен айтыша кетти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов сөз сүйлөп, президенттин жарлыгын эске салды.

“Мен силердин ишмердүүлүгүңөргө кийлигишкенге акым жок. Мыйзам долбоору жакшы экен, бирок мүчүлүштүктөр дагы бар. Юрист катары карап отурдум. Бул мыйзам долбоору 2019-жылы киргизилип, 2020-жылы комитеттерде каралыптыр. Жаңы Конституциянын долбоору жактырылды. 11-апрелде элдин тандоосуна коюлат. Президенттин жарлыгын сыйлап, жакында өтө турган отурум өткөндөн кийин талкуулап алып чыксаңар жакшы болмок”, – деди Калматов.

Демилгечи депутат Сулайманов биринчи окууда мыйзам долбоорунун концепциясын карала турганын, ал жарлыкка таасир этпей турганын айтты билдирди.

Жыйында шайлоо жөнүндө мыйзамдар каралат. Отурумда сунуштар менен толуктасак, биринчи окуудан кийин киргизсек болот. Эч кандай карама-каршылыктар жок. Концепцияны биринчи окууда кабыл алып, андан кийин экинчи окууда кемчиликтерин жоюп алып чыксак болот”, – деди депутат.

Анарбек Калматов: “Паровоздун алдында чуркабай эле мыйзам долбоорун шашпай карасак”.

Алтынбек Сулайманов: “Бул мыйзам долбоору 2020-жылы эле кабыл алынган. Өткөн аптада өзүңүз “коё туруңуз, кийинки жума алып чыгыңыз” деп айтпадыңыз беле. Кошоматчылыкты башкача кылыңыз”.

Анарбек Калматов: “Башкача сүйлөшөлү. Кошоматчылыкты кошпоңуз. Башка сөз айткан жокмун. Президенттин жарлыгын айтып жатам. Кошоматчылык эмес да”.

Алтынбек Сулайманов:  “Жарлыкка ким каршы?”

Анарбек Калматов: “Эч ким буга каршы эмес. Мен жөн гана жарлык жөнүндө айтып жатам. Эгерде мен президенттин жарлыгы жөнүндө айта албасам, анда эмне үчүн ушул жерде отурам?”

Алтынбек Сулайманов“Эмнени талашып жатабыз?

Анарбек Калматов: «Келгиле, бири-бирибизди сыйлайлы, эч ким кошамат кылган жок. Мен парламенттеги өз милдетимди аткарып жатам”

Депутат Мирлан Жээнчороев Анарбек Калматовдон президенттин өкүлү катары өз оюн билдирүүсүн өтүндү. Депутаттын айтымында, Калматовдун юрист катары парламентте өз оюн айтууга укугу жок.

“Сиз өкүл катары президенттин позициясын так айтсаңыз, эгер юрист катары эксперттик оюңуз болсо бул жерде айтууга укугуңуз жок. “Мындай кылбагыла, депутаттар поезддин астында чуркабагыла” деп айтпаңыз. Эксперттик оюңузду бул залдан тышкары айтыңыз”,
 – деди Жээнчороев.

“Кечирип коюңуз, сиз мага үйрөтпөңүз, макулбу?! Колумда президенттин жарлыгы турат, ошону гана айтып койдум. Эксперттик кылганым жок. Мен башында кечирим сурадым, ишиңиздерге кийлигише албайм деп да айттым”, – деп жооп берди Калматов депутатка.

Жээнчороев стенограмманы карап чыгууну сунуштады.

Калматов керек болсо стенограмманы депутат өзү карап алсын деп жооп берди.

Жээнчороев спикерге кайрылып президенттин өкүлүн залдан чыгарып салууну сунуштады.

“Мени чыгарып коё турган сиз эмессиз, оозуңузга карап сүйлөңүз”, – деди Калматов депутатка.

Акырында спикер жыйында депутаттар өз пикирлерин билдирип жатканын айтты.

“Жалпылап айтканда, сунуштар айтылып жатат. Сүйлөшүү жолу менен чечиле турган талаштуу жагдайлар бар. Чечилбчү суроолор жок. Ооба, ведомстволор аралык топ түзүлгөн. Эгер депутаттар концепцияны кабыл алса, анда топтун жардамы менен аягына чейин чыгарса болот”, – деп кошумчалады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: