Menu

ТИМ башчысы Руслан Казакбаев БУУнун Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман менен жолукту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде 2021-жылдын 26-мартында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин БУУнун Башкы Катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия борборунун башчысы Наталья Герман  менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат үчүн: Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун регионалдык борбору – Борбордук Азиянын беш өлкөсүнүн өкмөттөрүнүн демилгеси менен 2007-жылдын 10-декабрында Ашхабад шаарында түзүлгөн БУУнун атайын саясий миссиясы болуп саналат. Борбордун негизги милдети – Борбордук Азия мамлекеттерине региондогу тынчтыкка жана коопсуздукка болгон жана мүмкүн болгон коркунучтарды аныктоодо жана четтетүүдө көмөктөшүү болуп эсептелет. Мындан тышкары, Борбор регионалдык жана эл аралык уюмдар менен биргеликте Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы өнөктөштүктү илгерилетүүгө жардам берет. 

Тараптар өлкөдөгү саясий жана социалдык кырдаалды жана жүргүзүлүп жаткан реформалардын жүрүшүн, Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоорун, мыйзамдарды инвентаризациялоону, адам укуктары менен эркиндиктерин илгерилетүүнү, ошондой эле актуалдуу маселелерди жана БУУ менен кызматташтыкты талкуулашты.

Тактап айтканда, Министр Р.Казакбаев маектешине, БУУ  системасына жана Башкы Катчы А.Гуттеришге БУУнун өнүгүү программаларынын алкагында Кыргызстанды туруктуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо, Конституция  жана парламенттик шайлоо  боюнча референдум жөнүндө  кеңири маалымат берди.

Эл аралык реакция жараткан алдыдагы Конституция боюнча референдум тууралуу, Р.Казакбаев ушул жылдын январь айында добуш берген жарандардын 84%ы президенттик формага өтүүнү колдогонун белгиледи жана эл аралык коомчулук тарабынан кеңири таанылган демократиялык президенттик шайлоолор элдин демократиялык эркине толугу менен шайкеш келип, шайланган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 79% добуш менен бекитилген мандатка таянуу менен саясий багытты жүргүзүп жатканын айтты.

Тышкы иштер министри Кыргызстан мамлекеттик башкарууну реформалоо процессинде демократиялык жолдон жана принциптерден кайтпай турганын жана азыркы бийлик элдин ишенимин актоо үчүн чечкиндүү чараларды көрүп жатканын билдирди.

Өз кезегинде, Н.Герман, БУУ ар дайым Кыргыз Республикасынын ишенимдүү өнөктөшү болорун баса белгилеп, өлкөдөгү БУУнун агенттиктеринин ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтүлүп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, БУУнун Башкы катчысы саясий, экономикалык жана экологиялык кризистердин, ошондой эле мамлекеттер аралык коркунучтардын алдын алуу максатында Кыргызстандагы жана региондогу динамикалык саясий жана демократиялык процесстерди байкап турганын айтты.
Алдыдагы жергиликтүү шайлоолор, Конституция боюнча референдум жана парламенттик шайлоолор демократиялык принциптерге ылайык өтсө деген тилегин билдирип, БУУнун Башкы Катчысынын атайын өкүлү БУУнун системасы Кыргызстандагы парламенттик шайлоолорго ар тараптуу жардам жана кол колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Мындан тышкары, Н.Герман КОВИД-19 пандемиясынын социалдык-экономикалык кесепеттерине каршы күрөшүүдө, мамлекеттик башкарууну реформалоодо, мыйзамдарды инвентаризациялоодо, инвестициялык климатты жакшыртууда Кыргыз Республикасынын артыкчылыктуу багыттарын колдой турганын баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: