Menu

Кожогелди Кулуев, Кыргыз эл акыны: “Жедигер Саалаев 60 жашка төрт кишинин жүгүн көтөрүп келди”

Бөлүшүү:
Жедигер досум! Дайыма жетише калчу элең, бул жолу да менин артымдан алпылдаган 60 жашка жетишип келип калыпсың! Маараке куттуу, акжүздүү, акжолтой болсун!
Сен 60 жашка бир кишинин эмес, кеминде, ийгилик артынган төрт кишинин жүгүн көтөрүп келдиң! Биринчиси, албетте, атагы таш жарган акынсың! Кыргыздын кыйырын, атпай журтту араласаң сени биринчи кезекте акын катары тосуп алышат! Ырларың сен барган жана бара элек, үнүң жеткен жана жете элек жерлердеги элдин, журттун жүрөгүндө! Учурбап поэзияң менен улуу Манасты даңазалап – ого бетер алымдуу акын болдуң! Ушул ийгилигиң менен 60ка келсең деле укмуштай урмат-сыйлуу инсан атыгып турмаксың.
Сен 60 жашка көтөрүп келген башка дагы бир кишинин жүгү бар. Ал – Журналисттик эмгегиң! Журналист-Жедигер мектеп окуучусунун макалаларынан баштап, мекендин талуу маселелерин козгогон программалык публицистикаларга чейин жазды. Ал турсун Кыргыз мамлекетинин башкы гезити “Кыргыз Туусун” эки жолу эрендик менен жетектеди. Көрүп жүрөбүз го, башкасы жок, ушул эле ийгиликке жеткендер жер баспай калганын. Бул – сенин көп бийиктиктериңдин бири гана.
Сен 60 жашка көтөрүп келген дагы бир башка кишинин жүгү – даанышмандыгыңды тастыктаган педагогдук, окутуучулук эмгегиң. Башкалар студенттерге бир эле позицияда лекция окуса, сен өмүрүңдө үч позицияда лекцияларды окуп, үч багытта жаштарды билимге сугардың – журналистика боюнча, көркөм адабият боюнча, анан, оозду ачырып, юриспруденция боюнча. Эмне кылабыз, бул жагынан лектор коллегаларыңдан ашып түштүң! Анан юридика илимдеринин кандидаты, доцент болдуң! Башкасы жок, ушул ийгилик менен деле укуругуң узун болмок.
Токто, тура тур, досум, булар аз келгенсип, сенде дагы бир опол тоодой кишинин жүгү бар. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык Палатасынын судясысың! Мына! Ишиңди канча жылдан бери изгилик, калыстык, билимдүүлүк менен алып келатканыңдан кабарыбыз бар. Башкалары жок, бул жагы эле бир кишинин бир өмүрүнө жетер ийгилик, бир кишинин бир өмүрүнө жетер бийиктик болчу!
Ушул опол-тоодой төрт кишинин жүгүн көтөрөм деп кардың гана кичине чыгып кетти, бирок, тилекке жараша, кадырың төрт эселеп, төрт даражалап өстү, досум!
Сен 60 жашка абыдан татыктуу келдиң. Кыргыздын кымбат уулусуң! Ак дилимден куттук айтам, досум! Кубанычтуу, тарыхый күнүңдө мени жаныңда, бирге, чогуу катары эсептегин.
Анкарадан аңтара кучактап Кожогелди Култегин, Кыргыз эл акыны.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: