25-мартта Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эмгек жамаатына министрдин жаңы дайындалган орун басарлары тааныштырылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары болуп Бектурганов Улук-Бек Бектурсунович жана Рахматуллаев Жалалидин Мамаюсупович дайындалды.
Белгилей кетсек, буга чейин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары: Мадамин Каратаев мене Нурболот Үсөнбаев ээлеген кызматынан бошотулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ