Menu

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча кол коюлган Протоколдун жыйынтыгы боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт

Бөлүшүү:

Өкмөттүк делегациянын башчысы – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев менен биргеликте кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кеңешмесинини жыйынтыгы боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзөт. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, түшүндүрүү иш-чараларынын планына ылайык, өкмөттүк делегация башчысы жана атайын өкүл Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын чектеш аймактарына барышып, анда калк менен жолугушуу өткөрүп, кол коюлган Протоколдун жыйынтыктарын кеңири түшүндүрүп беришет.

Планга ылайык, үстүбүздөгү жылдын 30-мартында саат 11.00дө Бирлик айыл аймагынын административдик имаратында Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айылынын жергиликтүү калкы менен «Чечме» участогу боюнча жолугушуу өтөт.

Үстүбүздөгү жылдын 30-мартында саат 17.00дө Өзгөн райондук административдик имаратында Кемпирабад суу сактагычы боюнча Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун калкы менен жолугушуу өтөт.

Үстүбүздөгү жылдын 31-мартында саат 14.00дө Ала-Бука райондук административдик имаратында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы райондорунун жергиликтүү калкы менен тилкелер боюнча жолугушуу өтөт.

Белгилесек, үстүбүздөгү жылдын 25-мартында эки республиканын өкмөттүк делегацияларынын кеңешмесинин жүрүшүндө жыйынтык Протоколго кол коюлган, ага ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелери боюнча бардык маселелер территорияларды алмашуу принциби боюнча макулдашуу процедурасынан өткөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: