Menu

Текебаев адашы Бабановго: “Өмүрбек, же чындыкты бетке айтканды үйрөн, же бизди уят кылбай атыңды өзгөрт!”

Бөлүшүү:

Мен бул окуя тууралу мурун жазгамын, бирок бүгүн Өмүрбек Текебаевдин туулган күнү экенин жана НТС телеканалынын айланасында болуп жаткан окуяларга байланыштуу актуалдуу  деп эсептеп, кайталап коюуну туура таптым.

Эсимде, “Азаттык” радиосу уюштурган дебаттардын биринде Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабанов чыгып калышты. Анан талашып-тартышуудан кийин Текебаев  улуу кол башчы Александр Македонский тууралу бир тарыхты эстеди. Александр Македонский  кол башчылык кылган бир согушта анын бир адашы – Александр аттуу жоокери коркоктугун көрсөтөт. Анда Македонский ал жоокерине: “Ай бала, бизди уят кылбай же атыңды өзгөрт же адамдык касиетиңди өзгөрт!” деген экен.  Ушуну айтып туруп Текебаев адашы Бабановго минтип кайрылды: “Өмүрбек, же чындыкты  бетке айтканды үйрөн, же бизди уят кылбай атыңды өзгөрт!”.

Ошондо Текебаев туура айткан экен. Кийинки жылы Өмүрбек Чиркешовичтин 60 жылдык торколуу тоюн тойлойт экенбиз, кудай колдоп ага чейин абактан бошонуп кетсин. Азыр бизге ал жетишпей турат.

Азыр Текебаев чындык үчүн түрмөдө, ал эми Бабанов куйругун түйгөн бойдон качып жүрөт…

Адил Турдукулов, блогер

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: