Menu

Human Rights Watch Беларуста журналисттерге каршы репрессия тууралуу баяндамасын жарыялады

Бөлүшүү:

Соңку беш айда Беларустун бийлиги журналисттерге жана көз карандысыз медиага каршы репрессияны күчөтүп, саясий мүнөздөгү айыптоолор боюнча негизсиз кармоо, камакка алуу жана акчалай айыпка жыгуу ыкмаларын колдонууга өтүп алганы бул укук коргоо уюмунун 29-марттагы баяндамасында жазылган.

Баяндамада каршылык акцияларынын жүрүшү, адам укугун бузган учурлар тууралуу жазгандардын укуктарын бузуп, аларды мыйзамсыз кармап, сабаган фактылар Беларус бийлигинин көз карандысыз ЖМКнын оозун жабуу аракети катары сыпатталган.

Оппозициянын тарапташтары былтыркы шайлоодо Александр Лукашенконун пайдасына добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланган деп эсептешет. Боршайлооком болсо аны катары менен алтынчы мөөнөткө кайра шайланганын жарыялаган. Каршылык акциясына чыккандар жаңы, адилет шайлоону өткөрүүнү талап кылышкан. Батыш өлкөлөрү Лукашенконун жеңишин тааныган эмес.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, Беларуста былтыр башталган каршылык акцияларынан бери дегенде 30 миңден ашуун адам кармалган. Жүздөгөн адам сабалып, бир нечеси каза болгон. Көптөгөн оппозициялык лидерлер темир торго түшсө, айрымдары бийликтин кысымы астында өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.

“Адилеттикти калыбына келтирүүнүн ордуна, беларус жетекчилиги күч түзүмдөрүн колдонуп акциянын катышуучуларын кууп таркатып, муну чагылдырган журналисттерди куугунтуктоодо”, – дейт Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон.

Былтыр сентябрь айынан быйылкы мартка чейин журналисттерге каршы 18 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен үчөө бир жарым жылдан эки жылга чейин түрмөгө отургузулган. Калган жети журналист учурда соттун чечимин күтүшүүдө. Аларга негизинен коомдук тартипти бузуу, салык жашыруу жана милициянын ишине кийлигишүү сыяктуу айыптар тагылган.

Беларустун журналисттер бирлигинин маалыматы боюнча былтыр августан бери 400гө чукул журналист кармалып, административдик укук бузуулар үчүн жоопко тартылган. Ошондой эле баяндамада президенттик шайлоодон кийин чет элдик журналисттерди өлкөдөн чыгарып жиберген учурлар тууралуу айтылган. Ал эми Тышкы иштер министрлиги чет элдик кабарчылар үчүн аккредитация алуу эрежелерин татаалдаштырган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: