Салмоорбек Жумабеков 34 жашта. Ал Россия Федерациясынын Федералдык Коопсуздук кызматы академиясы аяктаган. Аталган кызматка дайындалганга чейин ал УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматынын биринчи башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.
Белгилей кетсек, Салмоорбек Жумабеков Жогорку Кеңештин экс-спикери Дастанбек Жумабековдун иниси, академик жана белгилүү хирург Сабырбек Жумабековдун уулу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ