Menu

Баткен облустук администрация: Лейлек районунун Майты участкасындагы 2,67 га жер боюнча окуя, эки мамлекеттин чек арасын делимитациялоо процессинде чечилүүчү маселе 

Бөлүшүү:

Маселе Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнүн Майты жергилигиндеги  2,67 га үлүш жери жөнүндө болууда. Бул үлүш жери Тажикстан менен чектеш аймакта жайгашкан. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

2005-жылы аталган аймакта 32 гектар суулуу жер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан трансформация болуп, анын 24 гектары, үлүшү жок жергиликтүү тургундарга, үлүш катары бөлүнүп берилген. (8 гектары айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун балансында калган) 

Анын маселе болуп жаткан 2,67 га тилкеси, үлүш жер катары жергиликтүү тургунга бөлүнүп берилген. Ал жарандан дагы башка жергиликтүү тургун ижарага алып, 2017-жылга чейин Тажик Республикасынын жарандары менен биргеликте иштетип келген, бирок  акыркы үч жылдан бери, чек аранын такталбагандыгынан, аталган 2,67 га жер, кыргыз-тажик жарандарынын  талаш тартышын жараткандыктан,  иштетилбей келет. 

Бүгүн 6-апрелде жергиликтүүлөр, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн чакырышып, түз эфир аркылуу чыгып, аталган жер аянтында кайрадан жер айдоо иштерин улантышаарын айтышкан. 

Белгилей кетсек, буга чейин КР менен ТР кадастр кызматтарынын карталарынын дал келбестиги, маселе жаратып жаткан 2,67 гектар жер аянты делимитация жумуштары жасалбаган, тактала элек аймак экени аныкталган.

Буга чейин Омурбек Суваналиев аталган аймакка барып, маселе менен жеринде танышып келген. Ыйгарым укуктуу өкүл, КР менен ТРнын Өкмөттөр аралык чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиясынын кабыл алынган протоколдорун аткарууга алуу, мыйзамдуу иш аракет болоорун айткан жана эл арасында  түшүндүрүү иштерин күчөтүү  боюнча тапшырмаларды койгон. 

Андан соң, эки тараптын акимдери, кадастр кызматтары жолугуп, жер иштетүү жумуштарын токтотуу жана эки тарап тең, маселе жараткан 2,67 гектар аймакка кирбей турууну макулдашкан. 

Алдыда бул жер аянтын пайдаланууну токтотуп туруу же, ТРнын жарандары менен биргеликте пайдалануу  маселесин кароо зарылчылыгы турат.     

Орун алган окуяга байланыштуу чек арада ок атуулар боюнча айтылган маалыматтар жалган, ок атуулар болгон жок жана  буга чейин да болгон эмес.   

Бул боюнча чек ара кызматы жана тийиштүү органдар расмий маалымат беришти. Аймакта абал тынч. 

Ал эми облустук милиция жана УКМК кызматкерлери, провокациялык мүнөздөгү маалымат тараткандар боюнча тийиштүү иш аракеттерин башташты. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: