Menu

Министр Р.Казакбаев Дүйнөлүк Этноспорт Конфедерациясынын төрагасы Б.Эрдоганды кабыл алды

Бөлүшүү:
Бүгүн, 7-апрелде, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Министр Р.Казакбаев Дүйнөлүк Этноспорт Конфедерациясынын төрагасы Б.Эрдоганды кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жакынкы келечекте өнүктүрүүнүн жолдору жана ушул демилгенин алкагында пландаштырылган иш-чаралар жөнүндө сүйлөшүштү. Р.Казакбаев Б.Эрдогандын түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы бир туугандыкты жана биримдикти чыңдоо боюнча жигердүү көп кырдуу ишмердүүлүгүн жогору баалады.
Б.Эрдоган Дүйнөлүк Этноспорт Конфедерациясы жана Түркия Республикасы тарабынан 2022-жылы Изник шаарында (Түркия) өтүүчү    IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына (ДКО) көрүлүп жаткан даярдыктар жөнүндө маалымат берди. Р.Казакбаев Төртүнчү ДКОнун уюштуруу комитети тарабынан өз аймагында Биринчи, Экинчи жана Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөргөн Кыргызстандын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу зарылдыгын белгиледи.
Ошону менен бирге, Министр Р.Казакбаев Оюндардын кыргыз элинин улуттук биримдигине тийгизген оң таасирин белгилөө менен бирге, аны башка өлкөлөргө бир жолку өткөрүп берүү практикасынын максатка ылайыктуулугун баса белгиледи. Көчмөндөр оюнадарынын Кыргыз Республикасына ар 4-5 жылда кайтып келүү зарылдыгы билдирди. Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы 2024-жылы Бешинчи көчмөндөр оюндарын Кыргызстанда өткөрүүнү жактады.
Жолугушуу алкагында, Бүткүл Дүйнөлүк Этноспорт Конфедерациясынын Төрагасы спортту жана дене тарбияны өнүктүрүү жаатында магистратура жана докторантура программаларына Кыргыз Республикасынын жарандарын окутуу үчүн жыл сайын стипендия бөлүп берүүгө даяр экендигин жарыялады. Андан тышкары Б.Эрдоган Кыргыз Республикасынын Чолпон-Ата шаарында жыл сайын Көнфередациянын алкагында көчмөндөр фестивалын өткөрүп турууга даярдыгын билдирди.
Ошол эле учурда Тараптар Түрк Кеңешинин күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, Түрк Кеңеши алкагында Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экендигин билдиришти. Атап айтканда, тараптар Кыргыз Республикасында Түрк инвестициялык фондун түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө макулдашышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: