Menu

Төрага Талант Мамытов: “Аялзатына жасалган мындай мамиле жазасыз калбашы керек”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 8-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Талант Мамытов маркум Айзада Канатбекованын трагедиялуу өлүмүнө токтолуп: “Салтта жок жосундан улам каза болгон карындашыбыздын окуясына терең кайгыруу менен жакындарына көңүл айтам. Бул жалпыбыз үчүн чоң трагедия. Баарыбыздын кызыбыз, эже-карындашыбыз бар. Алардын коопсуздугу зор мааниге ээ. Аялзатына жасалган мындай мамиле жазасыз калбашы керек. Кылмыштын тыкыр иликтенип, аягына чыгышына Жогорку Кеңештин Төрагасы катары кызыкдармын жана өз көзөмөлүмө алам. Аталган маселени сөзсүз парламенттин күн тартибине да киргизип, карашыбыз зарыл”,- деди.

Белгилей кетсек, 5-апрель күнү бир топ баланын ала качуусу менен белгисиз болуп жаткан Айзада Канатбекованын сөөгү 7-апрель күнү табылган. Учурда коомчулук тарабынан тиешелүү кызматтарга карата өз милдеттерин так жана ыкчам аткарбагандыгы үчүн нааразычылык күч алып, талкууга алынууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: