Menu

Египтте 3000 миң жыл мурун кум алдында калган “алтын шаар” табылды

Бөлүшүү:

Египттин Луксор калаасынан алыс эмес жерде археологдор 3000 жыл мурун кум алдында калган “алтын шаарды” табышты. Бул тууралуу экспедициянын жетекчиси, тарыхчысы Захи Хавасс билдирди.

Окумуштуулардын айтымында, бул Египетте табылган эң чон шаарлардын бири. Аны өлкөнү биздин заманга чейин 1391-1353-жылдары башкарган фараон Аменхотеп III негиздеген.

Шаардын көчөлөрүндө дубалдары үч метрге чейин жеткен үйлөр сакталып калган. Археологдор шаардын кайсы учурга таандык экенин шараптын идиштериндеги жазуулардан жана чийки кирпичтердеги Аменхотеп IIIтүн мөөрүнөн улам аныкташкан. Табылгалар арасында тамак-аш сактоочу идиштер жана инструменттер да бар. Шаардын түндүгүнөн көрүстөн табылган.

Казуу иштери 2020-жылы сентябрда башталган. Экспедиция Тутанхамондун сөөгү коюлган храмды табууну пландаган. Бир нече аптадан кийин археологдор чийки кирпичтен тургузулган курулуштарды, андан соң шаарды табышкан.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

16 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: