Menu

Видео – Бишкектеги “Кудайберген” базарында 32 жаштагы адам бычакталып каза болду

Бөлүшүү:

Бишкек шаарындагы “Кудайберген” базарында жаран бычакталып каза болду. Бул тууралуу маркумдун туугандары журналисттерге кабарлады.

Маалыматка ылайык, 3-апрелде саат 15:39да А.Б. бычакталып, алган жаракатынан улам адам ошол жерден көз жумган.

А.Б. “Кудайберген” базарында иштечү. Окуя болгон күнү ага үч досу келген. Алардын ортосунда уруш чыккан. А.Б. аларды щетка менен урса, досу ага бычак шилтеген.

Милиция окуя болгон жерге дароо келген. Жанындагы 2 адам кармалып, алар күбө болушкандыктан бошотулган. А.Б.га бычак сайган жаран кармала элек.

Бишкек ШИИБнен кабарлашкандай, киши өлтүрүүгө шектүү А.Н. аттуу жаранды издөө иштери жүрүп жатат.

Факты Биринчи Май РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене (адам өлтүрүү) менен катталып, иликтөө иштери башталган. Кылмыш орун алган жерди кароодо бычактын кыны алынып, видео көзөмөлгө түшүп калган видео далил катары алынган.

Маркум 32 жашта эле. Анын артында 6 жашар баласы жана кош бойлуу аялы калды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: