“Бизге 5 мандат берилип жатат. Бешөөнүн бирөөсүнүн ордуна мен өз каалоом менен депутат болуп отура алам. Бирок менин көздөгөн максатым – элге кандай болсо дагы пайда алып келүү!”, – деп жазды бүгүн, 12-апрелде “Биздин эл” партиясынан шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер болгон ырчы Анжелика Instagram социалдык тармагындагы баракчасына.
“Ден-сооолугумду бекемдеп, сөзсүз келээрки жылы болобу, же жарым жылда болобу, мен шаардык кеңешке келем! Менин ал жерде ордум бар! Өтпөй калды деген маалыматтар туура эмес маалымат!
Буйруса, эми кенен басып, кенен иштеп, аркамдагы күчтүү командам менен көптөгөн жакшы иштерди жасап, элдин батасын алып, келечеке жол курган жаштардан болобуз!!!
Бул жеңиш бизге оңойго турган жок”, – деп жазды ал.
Ал ошондой эле, “Ыйман нуру”, “Реформа”, “Бүтүн Кыргызстан” партиялары өтсө жакшы болмок экенин айтып, бут тосууларды жасаса дагы алар үчүн дагы камсанаганын кошумчалады.
“Жана ошондой эле, эч кимди эске албай, үч эски гиганттар мэрдин креслосун талашып жатканы чындыгында уят”, – деп кошумчалады ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ