Menu

Алмазбек Атамбаевге соттук-медициналык экспертиза дайындалды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон кылмыш ишин кароону улантты.

Атамбаев соттук отурумга кайрадан алынып келинген жок. Ал жана дагы бир нече айыпталуучу ооруп жатканы белгилүү болду.

Кундуз Жолдубаеванын айтымында, судья Азирет Медеров Алмазбек Атамбаевге соттук-медициналык экспертиза дайындоо жөнүндө чечим чыгарды.

Экспертиза мурунку мамлекет башчынын ден-соолугунун абалын, ошондой эле анын жыйынга катыша алабы же жокпу аныкташы керек.

Ошентип, сот жараяны экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин убактылуу токтотулду.

Атамбаевге карата козголгон бир нече кылмыш иши ноябрдан бери Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бириктирилип каралууда. Алар – Кой-Таш окуясы, Кой-Таштагы жер тилкеси, Бишкек ЖЭБиндеги жемкорлук, «Терек» сурма кениндеги коррупция боюнча кылмыш иштери.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: