Митингге чыккан 100гө жакын ак халатчандар президентке кайрылып, пандемияда “кызыл зонада” иштегендерге убадаланган бир жолу төлөнүүчү кенемтени төлөп берүүнү, медицина кызматкерлеринин айлык маянасын көтөрүүнү жана профсоюзду жоюуну талап кылышты.
Саламаттыкты сактоо жаатындагы юрист Нуралы Айдаров талаптар аткарылбаса, анда мындай өңдүү акцияларды республиканын башка аймактарында дагы өткөрүү пландалып жатканын айтты.
Ал эң биринчи кезекте бийликтен компенсация маселесин тез арада чечип берүүсүн суранды.
Өкмөт үйүн көздөй бет алган ак халатчандарга өкмөттүк аппараттын өкүлү Санжар Исаев жолугуп, дарыгерлердин талаптарын угуп, аларды вице-премьер-министр Артём Новиков күтүп жатканын айтты. 10дой дарыгер вице-премьер-министр Артём Новиков менен жолугуу үчүн өкмөт үйүнө кирип кетишти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ