Муниципалдык автобустарда жана троллейбустарда санитардык текшерүүлөр күн сайын жүргүзүлүп турат, акыркы пункттарда транспорттук кабиналар системалуу түрдө желдетилип, нымдуу тазалоо иштери жүргүзүлөт. Айдоочулар беткап кийишет, ал эми беткапсыз жүргүнчүлөр айдоочулардан 2 сомдук баада бет кап сатып ала алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
COVID-19дан коргонуу өнөктүгүн жеке жүк ташуучу компаниялар да колдонууда. №195 жана №216 маршруттук таксилерди тейлеген “Ника Плюс” ЖЧКнын директору Болот Эркинбаев кичи автобустун айдоочуларына бет кап берип, жүргүнчүлөрдү дагы унуткан жок. Эми ар бир жүргүнчү айдоочулардан бет капты 2 сомдон сатып алса болот.
“Урматтуу жеке транспорттук компаниялардын өкүлдөрү! Биз сиздерден борбор калаанын маршуттук каттамдарынын коопсуз ишин уюштурууңуздарды өтүнөбүз, санитардык талаптардын сакталышына көзөмөл жана жоопкерчилик бардык жетекчилерге жүктөлөт!”, – деп кайрылат шаардык мэрия.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ