Саясий куугунтуктун негизинде Бекболот Талгарбеков, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов ж.б. коомдук ишмерлер камалып чыгышканы менен алар соттолуучулар катары калышып, азыркы убакка чейин акталууга жол таппай атышканын кабарлашууда. Мурдагы бийликтин учурунда ыдык көрүшүп, темир тордун артында азап тартышып чыгышканы, эми болсо мыйзам алдында ак экендерин далилдей алышпаса, бул жагына кандай баа берилет? Бизге жеткен маалыматтарга караганда, күзгө чейин Талгарбеков, Кадыров, Асанов баштаган бир топ саясый куугунтук көргөндөр өз чындыктарына жете алышпаса, анда кайрадан эле көнгөн оппозициялык агым аркылуу кетишери каңкууланды.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ