Menu

Казакстанда жашыруун иштеген беш маңзат лабораториясы аныкталды

Бөлүшүү:

Караганды облустук полиция департаменти «трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун» жашыруун иштеген беш маңзат лабораториясы аныкталып, алардан 70 килограммдан ашык синтетикалык баңгизат жана аны даярдоо үчүн колдонула турган 3,5 килограмм прекурсор заттары алынганын билдирди.

Маалыматка караганда, бул иштин алкагында маңзат лабораторияларын түзүүгө тиешеси бар деген шек менен 10 киши кармалды. Алар тыюу салынган заттарды спирт ичимдиги же автоунаа майы деп көрсөтүп, Казакстандын аймагына суюк түрүндө алып кирүү каналын түзүшкөн.

«Аталган лабораториялардын негиздөөчүлөрү Казакстандын, Орусиянын жана башка КМШ өлкөлөрүнүн аймагында психотроптук заттарды даярдоо, сактоо жана сатуу менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топ түзүшкөн. Мындан тышкары Telegram жана Signal мессенджерлери аркылуу Казакстандын аймагындагы түзүмдүк бөлүмдөрүн башкарып жүрүшкөн», — деп билдирди департаменттин жетекчиси Ерлан Файзуллин.

Ал полиция «Трансулуттук уюшкан кылмыштуу топ түзүү жана анын ишмердүүлүгүнө катышуу» беренеси боюнча сотко чейинки тергөө иштерин баштаганын кошумчалады.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: