Menu

Токмок шаарында тоноочулукка шектүүлөр кармалышты

Бөлүшүү:

Токмок шаарынын ИИБнө жергиликтүү 30 жаштагы К.Д. аттуу жашоочу арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 5-апрель күнү болжол менен саат 09:30 чамаларында Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринен бейтааныш бирөөлөр күч колдонушуп, «Редми» жана «Айфон» үлгүсүндөгү телефондорун ошондой эле ичинде 6500 сом акча жана документтери салынган капчыгын тартып алышып белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Токмок шаарынын ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелишип, 28 жаштагы А.С., 25 жаштагы К.А. жана А.И. аттуу жарандар кармалышкан. Учурда кармалган жарандардын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

2021-жылдын 10-март күнү  Сокулук РИИБнө жергиликтүү 37 жаштагы С.А. аттуу жашоочу арыз менен кайрылып, эки бейтааныш адам анын башына курткасын жаап, денесине залал келтиришип, “Редми” үлгүсүндөгү телефонун тартып алышып окуя болгон жерден из жашырып кетишкенин билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Сокулук РИИБдун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 20 жаштагы Ж.Б. жана К.Э. аттуу жарандар кармалышып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Учурда шектүү жарандын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: