Menu

Кыргызстанга “AstraZeneca” вакцинасы май айында келет

Бөлүшүү:

Өкмөт башчы Улукбек Марипов Кыргызстанга май айында Австриядан Оксфорд университети менен “AstraZeneca” компаниясы иштеп чыккан вакцина келерин билдирди. Бул тууралуу 23-апрелде “Фейсбуктагы” баракчасында түз эфирге чыкканда айтты.

Бир күн мурун Орусиядан келген “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы аймактарга бөлүштүрүлө баштаганын билдирди.

Ошондой эле, 29-мартта Кытайдын “SinoPharm” препараты менен эмдөө башталганын, каалоочулар үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна барып вакцина алса болорун белгиледи.

20-апрелде COVAX эл аралык программасынын алкагында Кыргызстанда 423 миң шприц жана колдонулган медициналык каражаттарды коопсуз шартта жок кылуу үчүн 3825 даана куту келген.

Расмий кабарга ылайык, Кыргызстанда 23-апрелге карата 14 861 киши коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.

Өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет 93 278 кишиге жукту. Анын 87 717си айыгып, Вирустан жалпы 1573 адам кайтыш болду.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: