Бүгүн, 23-апрелде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Мариповдун буйругу менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп Шатемиров Кубаныч Таалайбекович дайындалды. Бул тууралуу маалымат бажы кызматынын сайтында жарыяланды.
Шатемиров Кубаныч Таалайбекович бажы кызматында санариптештирүү маселелери боюнча иш алып барат.
Шатемиров Кубаныч Таалайбекович
Атайын наам: Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси
Эмгек ишмердүүлүгү.
23.04.2021-жылдан тартып – Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары.
06.12.2019-ж.- 23.04.2021-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Салык кызматынын төрагасынын орун басары.
25.05.2018-ж. – 06.12.2019 -ж. – Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары.
25.07.2016 -ж. – 01.10.2017 -ж. – Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын кеңешчиси.
05.06.2015-ж. – 14.07.2016-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын кеңешчиси.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ