Menu

Илим Карыпбеков: “AIRBUS А220 учагын “Эйр Манас” жеке авиакомпаниясы сатып алды, аны жаңылык кылып мактанган “Манас” аэропортунун кандай тиешеси бар?”

Бөлүшүү:

“Бизге жаңы Эйрбас A220 учагы келе турганы жакшы. Бул учакты лизинг аркылуу акциялардын контролдук пакети түрктөргө таандык болгон “Эйр Манас” жеке авиакомпаниясы сатып алууда. Компаниянын директору Талгат Нурбаев буга кошкон салымы чоң болгондуктан, жакшы жаңылык менен бөлүшөт. Ал эми “Манас” аэропортунун буга кандай тиешеси бар? Учактын акчасынын бир бөлүгүн бергенсип, же “Эйр Манас” компаниясына арзандатууларды жасагандыктан, алар учакты сатып алышкансып, же Талгатка силер кеңеш бергенден кийин ал учакты сатып алгансып мактанасыңар. Кичине уялбайсыңарбы кесиптештер?”, – деп жазды КЭДП партиясынын лидери Илим Карыпбеков Facebook социалдык тармагындагы баракчасына.

“Силер андан көрө жаңы учуу-конуу тилкеси менен, кызматкерлердин маянасынын жогорулашы менен, таза дааратканалар менен, Борбор Азиядагы эң мыкты эл аралык ХАБ курганыңар менен, Татарстандан инвесторлорду издебей дүйнөгө белгилүү бренддерди тартуу аракетин көрүп жатканыңарды айтып мактансаңар. Жок дегенде бирөөнүн аркасы менен өзүңөрдү жарнама кылбагылачы, сураныч”, – деди ал.

Белгилей кетсек, “Манас” эл аралык аэропортунун Facebook социалдык тармагындагы расмий баракчасында КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан биринчи болуп AIRBUS А220 учагын пайдалана турганы айтылган. Кыргызстанга биринчи учактын келиши 2021-жылдын 26-апрелине пландаштырылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: