Бүгүн, 24-апрелге карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 325 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 194, Ош – 2, Чүй облусунан – 90, Ош облусунан – 6, Талас облусунан – 1, Нарын облусунан – 5, Ысык-Көл облусунан – 20, Жалал-Абад облусунан – 6, Баткен облусунан – 1. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 93 603 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 163 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 87 880ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 84, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 54, Ош облусунан – 1, Нарын облусунан – 8, Ысык-Көл облусунан – 8, Жалал-Абад облусунан – 5, Баткен облусунан – 1.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 4, Ысык-Көл облусунан – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1578ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ