Menu

Дүйнөлүк банк “Тажиктелекомду” өкмөттүн көзөмөлүнөн чыгарууну сунуштоодо

Бөлүшүү:

Дүйнөлүк банк Тажикстанга “Тажиктелеком” компаниясын өз көзөмөлүнөн чыгарууну сунуштады. Бул тууралуу банктын Тажикстандагы өкүлү Ян-Петер Олтерс билдирди.

“Тажиктелеком” компаниясы Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы Байланыш кызматына таандык. 2018-жылдан бери Интернетти Тажикстанга жеткирген жалгыз компания болуп эсептелет.

Ян-Петер Олтерстин айтымында, пандемия өнүгүүгө тоскоол болуп жаткан көйгөйлөрдү ого бетер курчутуп жиберди.

2015-жылы Байланыш кызматы маалыматтык-коммуникациялар технологиясынын кирешесинин өсүү ыргагы 15% экенин билдирген. Дүйнөлүк банктын атайын өкүлүнүн кабарлашынча, ошондон бери бул тармактагы дүң киреше акырындык менен төмөндөп, жаңы абоненттердин саны азая баштады.

Ушул тапта Тажикстандын айыл жерлеринде Интернетке туташуу оор жана баасы кымбат. Ян-Петер Олтерс белгилегендей, 2019-жылы жүз үй кожойкенин ичинен бирөөнүн гана (негизинен шаар жеринде) ыкчам интернетке туташуу мүмкүндүгү болгон.

Дүйнөлүк банк бул сектордогу көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүнө улам өзгөрүп жаткан нормативдик-укуктук актылар жана рыноктогу бирдей шарттын, атаандаштыктын жоктугу себеп болуп жатат деп эсептейт. Буга байланыштуу каржы уюму “Тажиктелекомду” Байланыш кызматынан бөлүүнү сунуштоодо.

Baddikom уюмунун иликтөөсүнө ылайык, Тажикстан мобилдик Интернеттин ылдамдыгы боюнча 124 өлкөнүн ичинен эң арткы орундардын биринде турат.

Ошол эле маалда Байланыш кызматы 2020-жылы Тажикстанда Интернеттин ылдамдыгы кыйла жакшырып, мурдагы жылдарга салыштырмалуу бир нече позицияга көтөрүлгөнүн айтууда.

Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинде Тажикстанда мобилдик Интернеттин ылдамдыгы эң эле жай жана эң эле кымбат болуп эсептелет. 1 гигабайт интернет орто эсеп менен 20 сомони (2 доллардын тегереги) турат.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: