Башкы прокурор Курманкул Зулушев Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеевди кызматтан алуу жөнүндө арызга кол койду. Бул тууралуу маалыматы журналисттерге башкы прокуратурадан тастыкташты.
Белгиленгендей, учурда генпрокурор бул кызматка ким дайындаларын чечип жатат.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Мунун себебин ден соолугу менен байланыштырган.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ