Menu

Тажикстан Кыргызстандын үч чек ара заставасы менен эки постуна кол салып, миномёт менен аткылады

Бөлүшүү:

Тажикстандын күч органдары Кыргызстандын беш чек ара заставасына кол салды.  Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

Бүгүн түштөн кийин Баткен районундагы «Головной» суу тосмосунда абал курчуп, эки өлкөнүн аскерлеринин ортосунда ок атышуу башталган. Атышуу учурунда кыргыз жарандары жана аскер кызматкерлери жаракат алышты.

Андан кийин болжол менен кечки саат 17:00дө тажик тарап “Капчыгай”, “Миң-Булак”, “Достук” чек ара заставаларына, ошондой эле Кожогар жана Булак-Башы чек ара постуна ок чыгарган. Минометтон аткылоонун натыйжасында, Баткен чек ара отрядынын “Достук” чек ара заставасынын имараты өрттөнүп кетти.

Тажикстандын коопсуздук кызматкерлеринин аракеттерине жооп катары УКМКнын чек ара кызматынын “Бөрү” атайын отряды Тажикстандагы “Ходжа Аълло” чек ара бекетин басып алган.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча эки тараптан тең кошумча күчтөр тартылып жатат.

Акыркы маалыматтар боюнча, кыргыз-тажик чек арадагы абал оор бойдой калууда. Жалпысынан 31 жаран жарадар болуп, бир адам көз жумду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: