Menu

Премьер-министр Улукбек Марипов кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырды

Бөлүшүү:

Казань шаарында (Россия Федерациясы, Татарстан Республикасы) өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Сиздерге маалым болгондой, кечээ Кыргыз Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде куралдуу кагылышуу болуп өттү. Биз Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода менен түзүлгөн кырдаалды талкуулап, аны саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу тынч жол менен жөнгө салууга даяр экендигибизди билдирдик. Кыргыз тарап ок атууну токтотуу жана мындан ары конструктивдүү сүйлөшүүнү улантуу, чек арадагы кырдаалды тез арада токтотууга багытталган белгиленген чараларды ишке ашыруу тууралуу жетишилген макулдашууларды оңдуу кабыл алууда. Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин билдиргендей, бүгүнкү күндө биз өз алдынча көзкарандысыз мамлекеттерди түзүп тургандыгыбызга карабастан, биздин жалпы тарыхыбыз, салтыбыз бар жана биз келечекте өлкөлөрүбүздүн өнүгүүсү жана элибиздин бакубаттуулугу үчүн жакшы коңшулук, достук мамилелелерибизди сактап, аны кеңейтүүбүз керек», – деп белгиледи Өкмөт башчы Улукбек Марипов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: