Menu

Каныбек Осмоналиев, экс-депутат: «Тергөө иштери менен кызматташуу» деген коркунучтуу феномен пайда болду»

Бөлүшүү:

Бүгүн көп эле саясий окуялар боюнча маалыматтар айтылды. Анын ичинен элдин эсин оодарган эки нерсе болду. Анын бири –  Батукаевдин карындашынын сурак бергени; экинчиси – 5 миллион долларга шектелген адамдын тергөө менен макул болуп, баалуу маалымат берип, үй камагына чыгышы. Ушунун тегерегинде биз профессор, экс-депутат Каныбек Осмоналиевге суроо бердик.

– Каныбек Осмоналиевич, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев бүгүн Батукаевдин карындашы Яха Батукаева Орусияда сурак бергенин, дегеле Орусияда Батукаевдин иши боюнча маанилүү материалдар бар экенин, анда Атамбаев тууралуу эч нерсе жок экенин журналисттерге айтып чыкты. Бул маалымат боюнча кандай ойдо калдыңыз?

– Кайдагы эле бир ууру, канкор, адам өлтүргөн шүмшүк Батукаев мурдагы президентти баш,  мен деген айрым атактуу адамдарды төш кылып ыңгайсыз абалга калтырып кетти! Биздин төбөлдөр учурда дүйнөкордук, ачкөздүк кесепеттеринин азабын тартып жатышат. Эми экс-президенттин айткандарын журналисттерге айтып жаткан Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары жөнүндө кыска эле айта турган болсом, алар юридикалык коллизияларды чеберчилик менен пайдаланып жатышат.

– Батукаевдин мыйзамсыз бошоп кеткен ишинде атактуу 19 кишинин аты аталды. Булардын ичинен кимисин сыйлайсыз жана ак экенине ишенесиз?

– 19 фигуранттын ар бири соттун адилеттүү жана катуу өкүмдөрүн сөзсүз алат деп ойлойм. Булардын арасынан мен Гематология боюнча карапайым элге зор эмгеги сиңген академик Абдухалим Раимжановду жакшы билем жана ага болгон сыйым бар. Чынында ага азыр боорум ооруп атат. Себеби, ал дүйнөкор, ырайымсыз мурдагы бийликтин курмандыгы болуп калды. Мен ал кишинин кылмыш кылганына такыр ишенбейм.

– 19 кишинин көбү «тергөө иштери менен кызматташуу» деген негизде үй камагына чыгып кетишти жана дагы эле чыгышууда. Дегеним, мына бүгүнкүнү эле алалы, «Манас» аэропортуна 5 миллион доллар зыян келтиргени боюнча шектүү катары кармалган Бишкек филиалынын мурдагы директору Мирлан Бегалиев тергөө менен макул болгондугу үчүн үй камагына чыкканын жана ал баалуу маалыматтарды бергенин Финпол ачык эле айтты. Ушул боюнча кандай ойдосуз?

– Акыркы жарым жылда Кыргызстандын юриспруденциясында өтө коркунучтуу феномен пайда болду. Бул — «тергөө иштери менен кызматташуу» деген «мыйзамдаштырылган мыйзамсыз» кадамдар. Өткөн кылымдын 37-39-жылдары СССРде дал ушундай ыкмалар менен миллиондогон жазыксыз адамдар өлтүрүлүп же узак жылдарга кесилип кетишкен. Алардын арасында биздин Кыргыз ССРнин түзүүчүлөрү, саясий ишмерлер жана окумуштууларыбыз дагы бар болгон. Эми ошол ыкма жексур кылмышкер Батукаевдин мисалында кеңири колдонулуп кетти. Айыпталуучулардын дээрлик баардыгы бири-бирин «сата» башташыптыр. Дал ошондой «таң калыштуу көрсөтмөлөр» эми сот процессинин негизги фактылары болуп жатат. «Баракелде!» дегенден башка сөз жок!

Маектешкен Жайнагүл Талканбаева,  KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: