Menu

Чек ара: 33 миңден ашуун киши коопсуз жайга көчүрүлдү

Бөлүшүү:

Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан айылдардан 33 388 киши коопсуз жайга көчүрүлдү. Анын 20 миңге жакыны балдар. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Маалыматка ылайык, кооптуу абал түзүлгөн айылдардан эвакуацияланган кары-картаңдар, аялдар жана балдар үчүн Баткен жана Сүлүктү шаарларындагы мектептерде, чайканаларда жана мейманканаларда убактылуу жай ачылып иштеп жатат.

Мындан тышкары, тургундар жакындарынын жана туугандарынын үйлөрүнө да жайгашкан.

Айылын таштап качып чыккандарга гуманитардык жардам берүү демилгеси өлкөнүн жер-жерлеринде көтөрүлүп жатат.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-30-апрелде Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арада атышуу болуп, ондогон үй, имараттар өрттөлдү.

Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда 34 адам каза тапты. Жараат алгандардын саны 178 кишиге жетти.

Ал эми тажик тараптан 15 киши каза болуп, 90 жараны жараат алганын “Эркин Европанын” тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып жазды. Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек.

Кыргызстанда 1-2-май чек арада каза тапкандарга аза күтүү күнү деп жарыяланган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: