Menu

ИИМ: Сүйүн Өмүрзаков Беткен облусунун чек арага чектеш аймактарында катталган фактыларды ыкчам жана мыйзам чегинде тергөөнү көзөмөлдөөдө

Бөлүшүү:

Бүгүн, 5-майга карата Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок. Чек ара тилкелеринде милициянын атайын кайгуул топтору күнү- түнү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп, жергиликтүү тургундардын коопсуздугун ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү менен биргеликте камсыздашууда.

Андан сырткары, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда келтирилген бардык чыгымдарды эсептөө жана иликтөө иштерин сапаттуу жүргүзүү максатында учурда аталган райондордо 48 ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Бул каргашалуу окуянын жүрүшүндө Лейлек районундагы эки милиция аймактык пункту менен 707 аскер бөлүгүнүн имаратына зыян келтирилип, компьютерлер, мүлктөр жарактан чыгып, ИИМдин эки автоунаасы талкаланган.

Баткен облусундагы  бардык фактыларды ыкчам жана мыйзам чегинде тергөө, аныктоо иштерин Сүйүн Өмүрзаков көзөмөлдөөдө. Ал иликтөөнүн жүрүшү боюнча 48 тергөө тобунун  катышуусунда жыйын өткөрүп, отчетторун укту.

Ар бир тергөө тобуна аткарган иштери боюнча кошумча тапшырмаларды берип, тез арада ыкчам келтирилген чыгымдарды тактоону жана иликтенип жаткан иштерди кыска мөөнөттө аягына чыгарууну талап кылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: