Кечээ, 6-майда ЖКда “Корпоративдик башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (“Акционердик коомдор жөнүндө” Мыйзамга, Жазык кодекске) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору үч окууда кабыл алынды.
Демилгечилер – депутаттар Жапаров А.Ү., Турусбеков Б.С.
Жыйында Акылбек Жапаров 1992-жылы кабыл алынып, 2004-жылы өзгөртүлгөн концессиялык компаниялар жөнүндө мыйзам иштебей жаткандыгын айтып, өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.
Мыйзам долбооруна ылайык, концессионер ишкана өз ишмердүүлүгүндө элдин саламаттыгына жана экологияга кооптуулук жаратса, аны сырттан башкаруу боюнча өкмөт чечим кабыл алуусуна шарт түзөт.
Жапаровдун айтымында, өзгөртүү концессиялык келишимдин негизинде иштеген компанияларга гана тиешелүү.
Депутат Дастан Бекешев баяндамачыдан “Кеп “Кумтөр” ишканасы тууралуу болуп жатабы?” деп сурады.
Акылбек Жапаров “Атын атайын атабай жаткам, бирок концессионер катары бир гана “Кумтөр” иштейт” деп жооп берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ