Menu

Экономиканын кан-тамыры жол, бирок биздеги жолдор ноль!  

Бөлүшүү:

“Экономиканын күрөө-тамыры жол”-деген качкын президент Курманбек Бакиевдин  сөзү ал башкарган 4 жыл бою “Өтмөк” ашуусунун белиндеги баннерде илинип турду. Күнөөсү жок бул сөздүн кадыры канкор башчынын татаал тагдыры менен кошо кетти. Бүгүн бул айтылган сөздүн кудуретине келсек, чындыгы бар.

Чындап эле экономиканын кыймылдаткыч күчү жолдор. Бирок, баары сөз менен гана калып, анын терең мазмунунун өтөөсүнө чыга албаганыбыз кечирилгис кемчилигибиз болууда. Ошол кездерде (Бакиевдин-ред.) курулган “Талас-Тараз-Суусамыр” жолунун ушул кездеги абалын карасак, адам ыйлагыдай эле абалда. Жылына мамлекеттин казынасынан жолдорду кайрадан оңдөп чыгуу үчүн миллиондогон акчалар которулат. Бул мамлекеттин чыгашасын күчөтүп, башка экономикалык өсүүгө, өндүрүшкө багытталган программалардын ишке ашышына чоң кедергисин тийгизет. Андыктан эмне кылуу керек? Жолдорду куруунун мыйзамына келсек, жолдорду тендер жолу менен утуп чыккан компаниялар курууга милдеттендирилген. Аны көзөмөлдөп, шартын карап, сапатына, жоопкерчилигине, иш билгилигине Кыргызстандын тиешелүү мекемелери жоопкер. Демек, ар бир курула турган жолдордун жоопкерчилиги өзүбүздүн эле колубузда. Жолдорубуздун мындай абалга келүүсүнө, тендерлердин жетишээрлик шарттарын дыкат көзөмөлдөбөстөн, жең ичинен кол ийрисине тарткан жагдайларыбыздын болгондугу, бюджеттик тартыштыкты чыңдоого алып келүүдө.

Сөзүбүздүн куру эместигине, Кыргызстандын ар бир аймагында салынган жолдордун 5 жылга жетпей жараксыз абалга келгени ачык далилдеп берет. Маселен, биз жогоруда сөз кылган “Талас-Тараз-Суусамыр” жолу ишке берилгенден 3 жыл өтпөй  жараксыз абалга келген. Бул кесепеттин башаты баягы эле коррупциянын сазына баткандардын эптеп бүткөрмөй илдетинде жатат. Ошол кездеги министр Нурлан Сулайманов бул жолдордон “жымырган” акчаларына алыскы жактардан арал сатып алгандыгы айтылган болчу. Мунун кесепетине кылы кыйшайбаган,  министрликтин инвестициялык программаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси Кубанычбек Мамаев Өтмөктүн жолу 2005-жылы салынып, каражат жетишпегендиктен 1 гана катмар асфальт төшөлгөндүгүн, 37 чакырым жолго эсептелген акча 52 чакырым үчүн колдонулганын айтып чыкканы бар. Катаал шартта жайгашкан “Өтмөк” ашуусунун жолуна бир катар асфальт төшөлөт дегени, акылга сыйбаган нерсе экендиги адистер тарабынан эчендеген  сынга кабылган. Эл камын ойлогон “эргулдун” кай жерден жиреп кеткенин, өзүнүн адиси эле ачыктап жатат. Мунун кесепетинен ал жолду реаблитациялоо үчүн мамлекеттин казынасынан кайрадан миллиондогон акчалар сарпталды. Бул мамлекеттин казынасын “каккандан” башканы алып келген жок. Мындай жагдайлар Кыргызстандын бардык аймактарында катардагы эле көрүнүшкө айланган. Ош жолун куруудагы мамлекет тарткан 9 млн сомдук чыгымдар, Кочкор жолун куруудагы коррупциялык алешемдиктер жетиштүү эле. Жол куруу айрым саясий жетекчилер үчүн элдин, мамлекеттин эсебинен бат байуунун, киреше табуунун негизги булагына айланганы да жашыруун эмес. Аз күндө азыркы атка минерлердин, бу жаатта жасап аткан мындай ичмекейлерин изилдөөгө алып, ачыктоого аракет көрөөрүбүздү ачык айтып койгубуз келет…

Шаардын жолу шайтандыкыбы?

Бишкек шаарында жыл сайын жол оңдоо иштери жүрүп, жыртык-тешиктер жамалганы менен сапаты жогору болбогондуктан, алар кайрадан тез эле баягы кейпине келүүдө. Шаар ичиндеги жолдордун узундугу 600 чакырым болсо, болжолу менен алардын 300 чакырымы гана асфальтталган. Калган көчөлөрү айыл-кыштактардын көчөлөрүнөн эч айрымасы жок. Салыштыра келсең,  айрым кыштактагы кум-шагыл төшөлгөн көчөлөр, калаанын бир топ көчөлөрүнө караганда сапаттуу. Мунун себеби деле баягы эле кенебестик же коррупция. Байлыгы башынан ашып тургандай, шаар бийлиги, шаар кеңеши, казынанын чыгымдарынын негиздерин изилдөөгө алып, анын тартыштыгынын кесепетин анализдеп эмес, максатсыз бөлүп берүүнү өз милдеттери катары көргөндүгүндө. Жылына каралган шаардык бюджеттин негизги чыгашасы жолдорго арналып, миллиондогон акчалар которулат. Бул-милдеттүү түрдө беле? Албетте, жок. Эгер ар бир курулган жолдун сапатына карап акча каражаты бөлүнсө, аларга кеткен чыгымдардын бир тобуна бала-бакча куруп коюуга мүмкүн эле. Себебине, саресеп салып, санааркап көрөлүчү. Шаарда унаалардын көптүгү жолдордун тез бузулушун шарттайт. Айрым чет элдик серепчилердин пикирине таянсак, мындай жүрүш менен 2023-жылы Бишкек шаарында кыймыл толугу менен токтошу мүмкүн. Буга шаарыбыздагы ички жолдордун сапатынын жоктугу жана тардыгы негиз болот. Шаарыбыздын жолдору 40-50 миң унааны гана камсыздай ала тургандыгын адистер белгилешет. Бирок, ушул тапта бул жолдордо күнүнмдүк кирип-чккандардан тышкары 300-400 миңге жакын жергиликтүү унаа жүргөндүгү айтылат. Бул албетте жолдордун тез бузулушан алып келет.

Абалдан чыгуунун алакандай жолу

Болгон кыймылыбыз жолдорго тыгыз байланышкан соң, бул маселеге өзгөчө маани брбесек болбойт. Абалдан чыгуунун жолу, жолдорду жылына жамап-түзөп шаардык казынаны кага бергенден абал өзгөрбөйт. Бай мамлекеттер сыяктуу кабат же асма жолдорду курууга азырынча чамабыз чарк. Бирок, башка жолдорун издөө зарыл.

Иликтөөлөргө караганда күнүнө линияга 2500 – 3000 маршруттук такси чыгат. 200гө жакын автобустар бар. Жеңил унааларды айтпай деле койсо болот. Унаалардын санынын кыскарышы да абалды жеңилдетүүгө алып келээри бышык. Андыктан, шаардагы маршруттук таксилердин санын кыскартууну, троллейбус жана автобус линиялары менен алмаштырууну карап көрүү шарт. Бул шаардагы тыгындарды да азайтууга шарт түзөт.

Миллиондор “миссиясын” аткарбайт

Бишкек шаарынын жолдорун оңдоо үчүн ар жылы көптөгөн акча каражаттары жумшалаарын айттык. Алар капиталдык оңдоо эмес, болгону тешилип калган жерлерди гана жамоо иштери менен аяктайт. Бул жагдай  шаар казынасынын капчыгын каңтарып кетүүдө. Маселен, Иса Өмүркулов мэр болуп турган кезден бери эле алсак, ал кезде түрк кредитинин жардамы менен ички жолдорго эле 30 млн доллар бөлүнгөн жайы бар. Кийинчирээк өкмөт башына келген Темир Сариев дагы баштапкы ишин шаар жолдорунун абалы менен таанышуудан баштап,  Кытай мамлекети менен келишимдердин негизинде Кыргызстанга 200 млн юань  гранттык негизде берилип, ал каражаттар Бишкектин ички жолдорун оңдоого жумшалаары айтылган. Ушул жылдын март айында ишке ашмакчы болгон бул проект 95 чарчы метрди түзүп, 49 көчө оңдоого берилмек.

Аз убакыт мурда КСДП фрация башчысы Иса Өмүркулов ички жолдордун абалына кайрылып, 2017-жылы бул багытта 775 млн сом бөлүнө турганын белгилеген. Бирок, бүгүнкү күндө шаардагы көптөгөн жерлериндеги жолдордун тамтыгы кеткенинен унаа эмес, жөө адамдардын жүрүүсүнө болбой кыйынчылыктар жаралууда. Жогорудагы аты аталган азаматтарыбыздын чечүүчү кызматтарда жүрүп кеткенине аз эле убакыт өттү. Шаар жолдорун өңдоо үчүн бөлүнгөн акчалар олчоюп, бирок жазда салган жолдордун кышка жетпей жатышы эмнени каңкуулайт? Жылына миллиондорду соргон шаар жолдорун темирден салабызбы же кичине ыйманыбызга келип сапатына маани бурабызбы? Азырынча шаар кожоюну Албек Ибраимовдун жолго карата аракеттери байкалбайт. Айдоочулардын нааразычылыгы күн санап күчөп бара жатканы билинүүдө.

Айдоочулар салыктан баш тартууга акысы барбы?

Айдоочулардын жол эрежелерин бузуулары, ар кандай шарттарда болот. Кышкы мезгилдеги тайгак же алардын мас абалын эске албаганда, башка да толгон-токой себептери бар. Ага жолдордун сапатсыз экенин дагы кошууга болот. Шаар ичиндеги жайнаган аң-чөнөктөрдөн буйтап өтүүгө аракет кылган айдоочулар жол эрежесин бузууга аргасыз абалга келип, далай кырсыктын болгону белгилүү. Шаар ичиндеги жер алды менен кеткен суу, жылытуу, электр чубалгыларынын ачык калган оюкчаларынан бир канча унаалар жабыркап кырсык тапканы КТРдин журналистери тарабынан иликтенгенин көргөнбүз. Андай окуялар шаар ичиндеги сынынан кеткен жолдордун аң-чөнөктөрүнөн да пайда болуп жаткандыгы айдоочулар тарабынан айтылууда. Мындай болушу толук мүмкүн. Демек, айрым жол эрежелеринин бузулуусуна, кырсыктардын болушуна жолдордун сапаты чоң себепкер болууда. Мындан тышкары, ар бир айдоочунун чөнтөгүнө чоң залалын тийгизүүдө. Жөө адам баса албаган айрым жолдордон өткөн унаалар, сөзсүз тетиктеринен залал чегип, аны оңдотууга мажбур болушат. Бул жарыбаган үй-бүлөлүк казынанын тартыштыгын пайда кылып, ар бир Кыргызстандыктын жеке жашоосунун жакшырышына тескери таасир берүүдө. Билинбеген менен бир топ көйгөлөр бар. Аны сезгендер сезип, сезбегени себебин башкадан издөөдө. Мына ушундай шарттардан улам айдоочулардын төлөгөн салыгынын эсебинен куруп, оңдоого милдеттүү болгон тиешелүү мекемелердин айдоочуларга салыктарды улам жогорулатуу  гана эмес, бүгүнүк өлчөмүн, төлөөсүн мажбурлоого акысы барбы? Бул аргасыздан айтылган сөз.

Күнболот Момоконов

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: