Кечээ, 9-май күнү Каракол шаарында унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Алардын айтымында, Коёнкөзов көчөсүндөгү короодо саат 19:20лар чамасында унаа токтоочу жай күйүп жатат деген маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө Каракол шаарынын 2 өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Бардыгы 3-унаа токтоочу жай жана INFINITI үлгүсүндөгү автоунаанын алды жагы күйгөн.
Өрт саат 19:40да чектөөгө алынып, 20:15да толугу менен өчүрүлгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ