Menu

“Социал-демократтар” партиясынан депутаттыкка талапкер Султан Абдуллажанов кармалды

Бөлүшүү:

Социал-демократтар партиясынан №11 талапкер Султан Абдуллажанов 2021-жылдын 30-апрелинде депутаттыкка талапкер катары кол тийбестик укугуна ээ болгонуна карабастан, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Бул тууралуу аталган партиянын лидери Темирлан Султанбеков билдирди.

Султанбековдун айтымында, анын партиялашы жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгына каршы чыгып, “Эмгек”, “Ак Бата” жана “КСДП” партиялары тарабынан добуш сатыл алуу жана административдик ресурстар колдонулгандыгын далилдеген материалдарды издөө жана даярдоо демилгесин көтөргөн.

“Ал топтун жөнөкөй мүчөсү болгон эмес. Мен ага шайлоо учурунда добуштарды массалык түрдө сатып алган партияларга каршы документтерди жана материалдарды даярдоо боюнча топту жетектөөнү тапшырдым. Бир жума мурун алар андан өч алууну чечишкен. Анын үстүнө, Ленин райондук милициясынын тергөөчүсү ага ачык эле: “Сени “Эмгекке” каршы чыкканың үчүн жаап салышты” дептир”, – дейт Султанбеков.

Темирлан Султанбеков Султан Абдуллажанов жабырлануучу болгон эски иш боюнча кармалгандыгын билдирет. Бирок учурда ал жабырлануучудан шектүүгө өтүп, убактылуу кармоочу жайга камалды.

Султан Абдуллажанов үй камагында. Буга байланыштуу Темирлан Султанбеков Президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана Ички иштер министри Улан Ниязбековго, КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө кайрылды.

“Ленин райондук милициясынын жана “Эмгек” партиясынын мыйзамсыздыгын жоопсуз калтырбаңыз, мен сиздерге ишенем жана ошондой болот деп ишенем”, – дейт саясатчы кайрылуусунда.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгы белгилегендей, 6-майда Ленин райондук администрациясынын өкүлдөрү Т.М., И.С., М.Э., Б.З жана А.А.  милицияга кайрылышып, райондук администрациянын башчысы Ж.К. жана анын орун басары Т.Р. №4 МАБдын кварталдык жетекчилерин “Эмгек” партиясына жана “Эмгек” партиясынан депутаттыкка талапкер Ж.Р. иштөөгө мажбурлашканын айтышкан.

Бул факт КЖБРге катталып, “Административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу” фактысы боюнча тергөө амалдары башталган. 2021-жылдын 29-апрелинде №4 МАБдын орун басары административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип жаткандыгы жөнүндө билдирүү алган.

Ленин РИИБи “Социал-демократтардан” талапкердин кармалышы боюнча маалыматка комментарий берген жок.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: