Жол кырсыгынан каза болгон төкмө акын Акжолтой Канат уулу эртең, 13-ноябрда акыркы сапарга узатылат. Бул туурасында бүгүн, 12-ноябрда төкмө акын Асылбек Маратов билдирди.
Анын айтымында, маркумдун сөөгү кичи мекени Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Ак-Cайдагы бейитке коюлат. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты саат 10.00дө башталат.
Эске сала кетсек, кечээ, 11-ноябрда эртең менен 26 жаштагы Акжолтой Канат уулу жол кырсыгынан каза болгон. Түштөн кийин жол кырсыгынын чоо-жайы айтылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ