Menu

Мамлекеттик бажы кызматы контарбандага каршы күрөшүү бөлүнүштөрүнүн ушул жылдын 4 айына карата ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 4 айында бажы кызматынын аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан 1000 укук бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Аныкталган 1000 фактынын ичинен:

– Бузуулардын бирдиктүү реестрине 911 факт катталып, козголгон иштер боюнча 3 841 500 сом суммасында айып өндүрүлгөн жана 20 181 571 сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү төлөнгөн;

– Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 89 факт катталган жана 48 738 740 сом суммасында келтирилген зыян өндүрүлгөн.

Бажы укук бузууларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында кошумча 26 288 475 сом суммасында бажы төлөмдөр төлөнгөн.

2021-жылдын 4 айындагы иштин жыйынтыгы боюнча бюджетке кошумча түшүрүлөөрдүн суммасы 99 050 286 сомду түздү.

Өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырмалуу бузууларды аныктоо 134.1% га жогорулаган, эгерде өткөн жылы 427 бузуу фактысы аныкталса, отчеттук мезгилде бул көрсөткүч 1000 фактыны түзгөн. Бюджетке кошумча түшүүлөрдүн суммасы 82,1% га же 35 676 705 сомго көбөйгөн, эгерде 2020-жылдын 4 айында кошумча түшүүлөрдүн суммасы 54 373 582 сом болсо, отчёттук кварталда бул көрсөткүч 99 050 286 сомду түздү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: