Menu

Тажикстан билет баасын жогорулаткан орусиялык эки авиакомпаниянын каттамдарын токтотту

Бөлүшүү:

Тажикстандын бийлиги авиабилет бааларын жогорулатканы үчүн орусиялык «Сибирь» жана «Северный ветер» авиакомпанияларынын каттамдарын убактылуу токтотту. Бул тууралуу тажик өкмөтүнө караштуу Жарандык авиация агенттигинин башчысы Икром Субхонзода билдирди.

Анын айтымында, Орусиянын аталган авиакомпаниялары буга чейин макулдашылган келишимдерди бузуп, билеттерди кымбаттаткан.

«Авиабилеттердин орточо баасы 6000-8500 сомони деп белгиленген. Бирок жүргүнчүлөрдүн көбү билеттер 13-14 миң сомониге чейин кымбаттаганына даттанып жатышат. Азыр «Сибирь» жана «Северный ветер» компанияларына аэропорттордо уча албай калган жарандарды ташууга гана уруксат бердик. Калган каттамдарга билет баалары макулдашуудагы бааларга төмөндөтүлгөндөн кийин уруксат берилет», — деди ал.

Бирок «Северный ветердин» расмий өкүлү авиакомпаниянын каттамдарына билеттер 8 500 сомониден жогору эмес экенин билдирүүдө.

«1-июндан тартып билет бааларын дагы төмөндөтүүнү пландап жатабыз. Азыр кымбат сатылып жатканы боюнча бизде маалымат жок. Бааларды авиакасса кызматкерлери жогорулатып жатышы мүмкүн»,— деди ал.

Буга чейин Тажикстандын Жарандык авиация агенттиги орусиялык авиакомпанияларга билет баалары 8000 сомониден ашса каттамдарына тыюу салынарын эскерткен. Икром Субхонзоданын айтымында, мындай эскертүү «Урал аба жолдору» жана «UTair» авиакомпанияларына да берилген.

Ал ортодо айрым жүргүнчүлөр авиабилеттерди жогору баада сатып алышканын билдиришүүдө. «Кечээ жердештерим авиабилетти 12 700 сомониге алышты», — деди Максудали Юлдошев аттуу жүргүнчү.

Шахритусск районунун тургуну Фозил Имомназаров билети бар экенине карабастан, бир жумадан бери Орусияга уча албай жатканын билдирди. “Бизге каттам 20-майда аткарылат деп убада берип жатышат. Бирок көбү буга ишенген жок. Эч кимдин бул маселени чечүү ниети байкалбайт. Жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү аэропортко жакын жердеги сейил бакта түнөп жатышат», — деди ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: