Menu

Самаркандда чакырууга барган тез жардам кызматынын дарыгери катуу сабалды

Бөлүшүү:

Самарканд облусунун Кушрабад районунда ийне сайылгандан кийин каза болгон 49 жаштагы аялдын туугандары тез жардам кызматынын дарыгерин катуу сабашты.

Күбөлөрдүн айтымында, маркумдун жакындары дарыгерди туура эмес ийне саюуга айыптап жатышат.

Бул маалыматты Кушрабад райондук медициналык бирикменин жетекечиси ырастады. Ал бейтаптын өлүмүнүн себептери экспертизадан кийин аныкталарын, андан кийин гана мыйзамдуу чаралар көрүлүшү керек экенин кошумчалады.

24-май күнү кечинде аталган райондун Жуш айылынын тургуну өзүн жаман сезип, жакындары тез жардам кызматын чакырышкан. Туугандарынын айтымында, бейтап дарыгер ийне саяры менен дароо каза болуп калган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: