Menu

Кыргызстан менен Австриянын соода-экономикалык жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Бөлүшүү:

19-майда  Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчиси Бакыт Жусуповдун Австриянын санарип жана экономикалык иштери боюнча Федералдык министрлигинин тышкы экономикалык байланыштар боюнча башкы директору Франц Вессиг менен  эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуу боюнча жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиянын 7-жыйынынан алкагындагы келишимдердин аткарылышын талкуулашты. Жолугушуунун практикалык компонентин чыңдоо боюнча биргелешкен жалпы мамиленин негизинде жакшы натыйжага жетиштик деп макулдашты. Кийинки кезектеги Экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссия жыйынын эки тарапта эпидемиологиялык туруктуу кырдаал түзүлгөндөн кийин тараптар макулдашкан мөөнөттө өткөрүү максатка ылайыктуу деп макулдашты.

Б.Жусупов Кыргыз Республикасындагы учурдагы кырдаал – жаңы Конституциянын кабыл алынышы, өлкөнүн Президентинин жана Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарынын жана милдеттеринин өзгөрүшү, Министрлер Кабинетинин жаңы түзүмү жөнүндө Франц Вессигге маалымат берди. Ушул өзгөртүүлөргө ылайык, бардык Экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен комиссиялардын курамы дагы кайра каралууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын Элчиси экономикалык жана инвестициялык приоритеттер өзгөрүүсүз экендигин жана Кыргызстан мурдагыдай эле, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды андан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталгандыгын белгиледи. Б.Жусупов Кыргызстан Австриянын технологияларын жана экономикасын айыл чарба, гидроэнергетика жана туризм сыяктуу тармактарга тартууну көздөп жаткандыгын баса белгиледи. Элчи ошондой эле, Кыргыз Республикасы менен Австриянын аймактар аралык кызматташтыгын өнүктүрүүдө чоң потенциал бар экендигин айтты. Кыргыз Республикасында 7 регион бар жана алардын ар бири өзүнчө экономикалык мүнөздөмөлөргө жана инвестициялык жагымдуулукка ээ.

Буга жооп кылып Франц Вессиг Борбордук Азия региону Австриянын тышкы экономикалык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болушу керектигин, туризм жана гидроэнергетика Кыргызстанда көңүл чордонунда болорун баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: